Skip to main content

Бала бакча

Ваучер боюнча каржылоо процесси кандай жүргүзүлөт?

Табелди тастыктоо боюнча нускама (ваучердик программа)

1) Эмнени тастыктайбыз?

Табелдер эки формада болот (тастыктоо процесси бирдей):

  • Билим берүү компоненти (ваучер)
  • Тамактануу (ваучер)

«Тастыктоо» баскычы төмөнкү учурда гана пайда болот:

  • Өткөн ай тандалды, жана
  • Азыркы айдын табели тастыктала элек.

2) Табелди түзүү жана текшерүү (Уюм)

  1. Сол жактагы менюдан «Табелди» ачыңыз.

  2. Жогору жагында жылды жана айды тандаңыз (мисалы: 2025 / Август).

  3. Ар бир бала боюнча маалыматтарды текшериңиз:

    • Аты-жөнү
    • Ваучер коду
    • Коэффициенти
    • Бала бакчага барган күндөрү
    • Төлөө суммасы
  4. «Төлөө статусунун хронологиясы» блогунда өтүү этаптары көрүнүп турат:

    • Табелди түзүү — Уюм
    • Аткаруучу тараптан ырастоо — Уюм
    • Кардар тараптан ырастоо — Агартуу министрлиги
    • Бухгалтер тараптан ырастоо — Агартуу министрлиги
    • Каржылоо — (маршруттоо логикасы төмөндө)
  5. «Тастыктоо» баскычын басыңыз.

  6. PDF-документтери менен модалдык терезе ачылат:

    • Балдардын катышуусун эсепке алуу ТАБЕЛИ
    • Көрсөтүлгөн кызматтарды кабыл алуу АКТЫСЫ (ар бир бала үчүн түзүлөт)
    • Счёт на оплату
      Бардык документтер PDF форматында көрүүгө/текшерүүгө жеткиликтүү.
  7. Эгер баары туура болсо:

    • «Тастыктоо жана кол коюу» баскычын басыңыз
    • Кодду жөнөтүү ыкмасын тандаңыз (мисалы: e-mail)
    • Кодду киргизиңиз жана ЕСИ аркылуу ырастаңыз

3) Уюм тастыктагандан кийин акт кайда кетет (маршруттоо)

Кол коюлгандан кийин Акт автоматтык түрдө аймакка жана ваучердин түрүнө жараша тиешелүү органга жөнөтүлөт:

  • Бишкек шаары:
    • Билим берүү → Бишкек шаарынын Билим берүү департаментине
    • Тамактануу → Бишкек шаарынын Билим берүү департаментине
  • Баткен облусу:
    • Билим берүү → Агартуу министрлиги
    • Тамактануу → Агартуу министрлиги
  • Башка бардык региондор:
    • Билим берүү → Агартуу министрлиги
    • Тамактануу → Айыл өкмөтү

4) Кардар тарабында иштетүү

Кардар — бул актыларды текшерүүгө жана кол коюуга ыйгарым укуктуу орган:

  • Агартуу министрлиги
  • Ваучердик программанын катышуучусу (мисалы: Бишкек шаарынын Билим берүү Департаменти)
  • Айыл өкмөтү

Акт келген органда (Бишкек шаарынын Билим берүү департаменти / Агартуу министрлиги / Айыл өкмөтү) эки роль бар:

  • Башкармалыктын начальниги — алгачкы текшерүү жана кол коюу
  • Бухгалтер — финалдык текшерүү жана кол коюу (кызматкер карагандан кийин)

5) Жыйынтык — бирдиктүү кадамдардын тизмеги

  1. Уюм: түздү → текшерди → тастыктады жана кол койду (ЕСИ аркылуу).
  2. Система: актты маршрут боюнча жөнөттү (2-пункт).
  3. Кардар: текшерди → кол койду.
  4. Бухгалтер: текшерди → кол койду.
  5. Статус өзгөрөт → «Тастыкталды жана каржыланганды».

6) Маанилүү эскертүүлөр

Маанилүү эскертүүлөр
  • Бардык документтер PDF форматында түзүлөт.
  • Кардардын колу коюлбаса, акт бухгалтерге жетпейт.
  • Белгиленген мөөнөттөрдү сактаңыз: «Тастыктоо» баскычы өткөн айга, Табель тастыкталганга чейин гана жеткиликтүү.