Skip to main content

«БАЛАЛЫК» автоматташтырылган маалыматтык системасы

Жооптуу катчылар үчүн нускама

Жооптуу катчыларга

Бул нускама "Балалык" автоматташтырылган маалыматтык системасы (АМC) аркылуу мектепке чейинки билим берүүнү каржылоо программасынын алкагында ваучер алууга жарандардын арыздарын караган социалдык маселелер боюнча Комиссиянын жооптуу катчыларына арналган.


1. Cистемага кирүү

Системага кирүү үчүн «Балалык» АМС порталына кирүү зарыл (https://balalyk.edu.gov.kg). «Ваучер» баскычын басыңыз.
Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын ваучердик каржылоо жөнүндө керектүү маалыматтар жайгаштырылган баракча ачылат (1-сүрөт). «Кирүү» баскычын басыңыз.
1-сүрөт. Мектепке чейинки билим берүүнү ваучердик каржылоо механизми жөнүндө баракча


2. Авторизация

Авторизация баракчасынан «Министрлик» өтмөгүн тандап анан «Инфоком ID» баскычын басыңыз (2-сүрөт).

2-сүрөт. Авторизация баракчасы

Инфоком ID авторизация баракчасы ачылат (3-сүрөт).

3-сүрөт. Инфоком ID авторизация баракчасы

Уюмуңуздун кадрлар бөлүмүнүн кызматкерлери берген логинди жана сыр сөздү киргизиңиз. Ваучердик каржылоо жөнүндө арыздар бар баракча ачылат (4-сүрөт).


I. АРЫЗДАР

4-сүрөт. Ваучердик каржылоо жөнүндө арыздардын баракчасы

Сол жагында сиз кайсы баракчада экендигиңизди көрсөткөн меню бар:

  • «Арыздар» - ваучердик каржылоого келип түшкөн арыздардын тизмеси.

  • «Комиссия» - социалдык маселелер боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн тизмеси.

  • «Тамак-аш» -

  • «Ваучер» - ваучердик каржылоону алып жаткан балдардын жана ваучердик механизмди пилоттоого катышкан уюмдардын тизмеси.

  • «Кайтарым байланыш» - порталдын иштеп чыгуучуларына билдирмелерди жөнөтүү.

  • «Оңдоолор» - интерфейстин тилин тандоо жана сырсөздү өзгөртүү мүмкүнчүлүгү.

  • «Чыгуу» - системадан чыгуу.

Карандашты басып, ар бир арызды карап чыкса болот (5.1 жана 5.2 сүрөт).


5.1. Сүрөт. Ваучердик каржылоо үчүн арыз

«Ваучердик каржылоо үчүн арыз» менюсу төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

  1. Баланын маалыматы
  2. Ата-энесинин/Мыйзамдуу өкүлүнүн маалыматы
  3. Жеңилдиктин түрү
  4. Комиссия
  5. Көрсөтүлгөн документтер
  6. Кошумча комментарийлер

Жооптуу катчы көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын текшерет:

  1. Баланын маалыматы: ИЖН (ПИН), ФАА (ФИО), Туулган күнү.
  2. Ата-энесинин/Мыйзамдуу өкүлүнүн маалыматы: ИЖН (ПИН), ФАА (ФИО), Туулган күнү, Дареги, Телефон, Email.
  3. Жеңилдиктин түрү: Эгерде ата-эне жеңилдиктин түрүн туура эмес көрсөтсө же жеңилдиктердин бир нече түрүн көрсөтүп койсо, жооптуу катчы муну жеңилдиктин туура түрүн көрсөтүү менен (желекче коюу менен) оңдой алат. Жеңилдиктин түрлөрүнөн бирөөнү гана көрсөтүш керек.
  4. Комиссия: Жооптуу катчы Комиссиянын отурумуна катышкан жана протоколдо көрсөтүлүшү керек болгон мүчөлөрүн (желекче коюу менен) тандоо зарыл.
  5. Көрсөтүлгөн документтер: Жооптуу катчы арыз ээси көрсөткөн документтерди белгилейт. Зарыл болгон учурда жооптуу катчы кошумча көрсөтүлгөн башка документтерди да кошо алат.
  6. Кошумча комментарийлер: Протоколдо чагылдырылышы керек болгон ар кандай маалыматты кошуу үчүн талаа.

5.2. Сүрөт. Ваучердик каржылоо үчүн арыз

«Протоколдун номери» талаасына Сиздин уюмдун протоколдорун эсепке алуу жана номерлөө эрежелерине ылайык протоколдун номери киргизилет.
«Жактыруу» / «Четке кагуу» - Ваучерди ыйгаруу же ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө комиссиянын чечими.
Бардык маалыматтар текшерилгенден кийин, «Сактоо жана протокол түзүү» баскычын басыңыз. Сизге Протоколдун долбоору ачылат, ал комиссиянын төрагасына кол коюуга жөнөтүлүшү керек (6-сүрөт).

6-сүрөт. Протоколдун долбоору

  • «Жабуу» - документти сактоо жана жабуу.
  • «Кол коюуга жөнөтүү» - Документ электрондук кол тамга менен кол коюу үчүн комиссиянын төрагасына жөнөтүлөт.

II. КОМИССИЯ

«Комиссия» баракчасында комиссиянын мүчөлөрүн кошууга, өзгөртүүгө жана алып салууга болот (7-сүрөт)

7-сүрөт. «Комиссия» баракчасы

Комиссиянын жаңы мүчөсүн кошуу

Комиссиянын мүчөлөрү жөнүндө маалыматты өзгөртүү -

Комиссия мүчөсүн алып салуу -

Комиссиянын жаңы мүчөсүн кошуу үчүн «+ Комиссия мүчөлөрүн кошуу» баскычын басуу керек. Сизге терезече ачылат, анда маалыматтарды толтуруу зарыл: ИЖН (ПИН), Аты-жөнү (ФИО), Ээлеген кызматы, Телефону жана Email. (8-сүрөт). Туулган күнү автоматтык түрдө толтурулат.

«Комиссия» баракчасында жооптуу катчы каалаган убакта мурда киргизилген комиссиянын мүчөлөрү жөнүндө маалыматты өзгөртүп же тизмеден өчүрө алат.

Комиссиянын активдүү (учурдагы) жана активдүү эмес мүчөлөрү үчүн которгуч. Комиссиянын активдүү мүчөсүнүн которгучу жашыл түстө болот.

Учурдагы терезечени жабуу баскычы. Киргизилген маалыматтар сакталбайт.

Киргизилген маалыматтарды сактоо үчүн баскыч. Комиссияга жаңы мүчө кошулат жана тизмеден көрсөтүлүп калат.

Көңүл буруңуз! Эгерде комиссиянын мүчөсү тизмеге кошулбаса же которгуч «активдүү эмес» болуп турса, анда комиссиянын бул мүчөсү протоколдо көрсөтүлбөй калат.


III. ТАМАКТАНУУ

«Тамактануу» баракчасында баланын тамак-ашы үчүн акы төлөөгө бөлүнүүчү сумма, Социалдык маселелер боюнча Комиссиянын жыйынынын протоколунун номери көрсөтүлөт, ошондой эле Протоколдун өзү жүктөлөт. ![](/img/vaucher/secretarykg/pic8 .png)

8-сүрөт. «Тамактануу» баракчасы

Жооптуу катчы Социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечимине ылайык:

  1. баланын тамактануусу үчүн акы төлөөнүн суммасын (сом/күн),
  2. тамактанууга жеңилдик берүү жөнүндө чечим кабыл алынган Комиссиянын жыйынынын протоколунун номерин көрсөтөт (мисалы, 2025-жылдын 15-майындагы №12/34),
    ошондой эле
  3. Социалдык маселелер боюнча Комиссиянын жыйынынын протоколун өзүн жүктөйт.

Аягында, киргизилген маалыматтарды сактап коюңуз.


IV. ВАУЧЕР

Бул баракчада мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттоого катышкан уюмдар жөнүндө, ошондой эле ваучердик каржылоону алган балдар жөнүндө маалымат жайгаштырылган.


IV. КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ

«Кайтарым байланыш» баракчасында, порталды иштеп чыгуучуларына Балалык АИСтин ишин жакшыртууга багытталган сунуштар жана комментарийлер менен кайрылсаңыздар болот.