Башкы бет

Жалпы жоболор

1.Бул электрондук ресурстардын мамлекеттик порталы, https://bilim.gov.kg дареги боюнча жайгашкан (мындан ары - Портал) интернет - порталы болуп саналат, анда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Оператор) пайдалануучуларга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан порталда көрсөтүлгөн башка кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

2.Порталды пайдалануунун шарттары жөнүндө ушул Пайдалануучулук макулдашуусу (мындан ары – Макулдашуу) Порталды кандай гана болбосун пайдаланууга жана ар кандай билдирүүлөргө, электрондук кабарлоолорго, Порталды же Портал тейлеген окшош сервистерди пайдалануу менен жайгаштырылуучу ар кандай маалыматтарга карата колдонулат.

3.Порталды пайдалануунуда (анын кайсыл болбосун барагын жүктөө, Операторго же порталдын башка катышуучуларына билдирүүлөрдү жазуу жана жөнөтүү, Порталды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган башка аракеттер) Пайдалануучу ушул Макулдашууга макул болот жана порталдын пайдалануучусу болуу менен анын шарттарын кабыл алат.

4.Порталды колдонуу менен пайдалануучу төмөнкүлөрдү тастыктайт:

  • Ушул Макулдашууга өз каалоосу менен кошулган, иш-аракетке жөндөмдүү жеке жак, же болбосо мыйзамдуу негизде юридикалык же жеке жактын атынан жана алардын кызыкчылыктарын көздөө үчүн өкүл болгон адам болуп саналат;
  • Порталга катталуу учурунда көрсөтүлгөн жеке маалыматтар анык экендигин;
  • Ушул Макулдашуунун шарттары менен толук таанышкандыгын;
  • Ушул Макулдашуунун бардык шарттарын өз тарабынан эч кандай алып коюусуз жана чектөөлөрсүз толугу менен кабыл алат жана аларды сактоого милдеттенет;
  • Макулдашуу (анын ичинде анын кайсы болбосун бөлүгү) Порталдын Оператору тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн. Макулдашуунун жаңы редакциясы, эгерде макулдашуунун жаңы редакциясында башкачасы каралбаса, ал порталга жайгаштырылган же башка ыңгайлуу формада маалымдалган учурдан тартып күчүнө кирет;
  • Порталды пайдалануу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана ушул Макулдашуу менен уруксат берилген максаттар үчүн гана жүзөгө ашырылат;
  • Порталдын кызмат көрсөтүүсүнө же тиешелүү жабдуулардын, тармактардын же программалык камсыздоонун жардамы менен Портал тарабынан кызмат көрсөтүлүү ишине карама-каршы келген же тоскоолдук кылган аракеттерди жасабайт.

5.Эгерде пайдалануучу бул Макулдашууну кабыл албаса, анда каттоо токтотулат жана пайдалануучу баштапкы бетине кайтарылат

6.Порталды пайдалануу менен пайдалануучу керектүү жабдыктары, программалык камсыздоосу жана Порталды колдонуу мүмкүнчүлүгү, электрондук дареги жана Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастайт. Порталдын оператору Пайдалануучунун жабдуулары жана программалык камсыздоосу менен Портал кандай иштей тургандыгы үчүн жооптуу эмес экендигин Пайдалануучу түшүнөт жана макул болот.

7.Өзүнүн электрондук дарегин жана телефон номерин, башка маалыматтарын билдирүү менен, пайдалануучу көрсөтүлгөн байланыш каражаттарын, ошондой эле пайдалануучу алдындагы милдеттенмелерин аткаруу максатында порталда жайгаштырылган жаңылыктар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүү жөнүндө маалыматты жана башка иш-чараларды камтыган маалыматтык жана башка мүнөздөгү маалыматтарды, колдонуучунун кайрылууларын иштеп чыгуу же тигил же бул кызматты көрсөтүү этаптарын, ошондой эле оператордун милдеттенмелерин аткаруу менен түздөн-түз байланышкан башка маалыматтарды таратуу максатында пайдаланууга жана тартылган үчүнчү жактардын пайдалануусуна макулдук берет.

Портал менен пайдалануу

1.Пайдалануучу ушул Макулдашууда каралган максаттарда гана Порталды пайдалана алат.

2.Пайдалануучу Порталдын Операторунун алдын ала макулдугусуз же Порталда анын кызыкчылыктарын көздөөгө Пайдалануучунун мыйзамдарга ылайык тиешелүү түрдө таризделген макулдугу болмоюнча Порталды пайдалануу укугун башка адамдарга бере албайт.

3.Пайдалануучу төмөнкүлөргө милдеттенет:

  • Порталды Макулдашууда каралбаган ар кандай коммерциялык максаттарда пайдаланбоого;
  • Порталдын башка пайдалануучулары менен мыйзам тарабынан тыюу салынган бүтүмдөргө кирбөөгө;
  • Порталдын контентин мыйзамсыз жарнаманы же мыйзамсыз пропаганданы таратуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган башка аракеттер үчүн пайдаланбоого;

4.Макулдашуунун 1.4. жана 2.3. пунктарындагы талаптарга жооп берген колдонуучу, Порталда жайгаштырылган ачык офертаны акцептөө аркылуу порталдын оператору менен келишим түзүүгө укуктуу.

Порталды пайдалануу шарттары

1.Порталдын оператору Порталдын контентин жана пайдалануучулук функцияларын, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле Порталда көрсөтүлгөн башка кызматтарды жана сервистерди алууну, анын ичинде макулдашуунун 2.4. пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларды түзүү үчүн Порталда жайгаштырылган офертаны акцептөө жолу менен Пайдалануучуларга сунуштайт.

2.Оператор пайдалануучуларга порталдагы алардын активдүүлүгү, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, ошондой эле Порталдын жаңы мүмкүнчүлүктөрү же акциялары жөнүндө маалымдоо максатында СМС-жөнөтүүнү уюштура алат.

3.Порталдын оператору Пайдалануучулар жөнүндө маалыматты, ошондой эле Пайдалануучу Порталга жайгаштырган материалдарды Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында пайдаланууга укуктуу.

4.Порталды жана анын кызматтарын пайдалануу менен Пайдалануучу Макулдашуунун бардык шарттарына макул болот жана толук эмес же атайын жалган маалымат бергендиги үчүн өз алдынча жоопкерчилик тартат.

5.Пайдалануучу Порталда өз аккаунтун өндүрүүгө, кайталоого жана көчүрүүгө, сатууга жана кайра сатууга, ошондой эле аны кандайдыр бир коммерциялык максатта колдонууга укугу жок.

Купуялык саясаты

1.Порталдын оператору Порталдын Пайдалануучулары кандай кызматтарга кызыкдар экендиги, ошондой эле Порталдын трафиги жана пайдаланылышы жөнүндө маалыматтарды сактоого укуктуу. Бул маалымат Падалануучунун билдирүүлөрүн иштетүүгө жана Порталда жайгаштырылган кызматтардын формаларын жана мөөнөттөрүн жакшыртуу үчүн колдонулушу мүмкүн.

2.Жеке маалыматтарды камтыган маалыматтарды берүү менен, Пайдалануучу Порталдын оператору жана аны менен түзүлгөн келишимдердин жана макулдашуулардын алкагында Оператор менен өз ара аракеттешкен үчүнчү жактар тарабынан мындай пайдаланууга макулдугун билдирет.

3.Ушул Макулдашууга ылайык Пайдалануучу Операторго жана Портал аркылуу кызмат көрсөтүүчү жактарга төмөнкүлөргө макулдук берет:

  • иштеүүгө (жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан же болбосо анын тапшырмасы боюнча автоматтык каражаттар менен же ансыз жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, тосмолоо, өчүрүү жана бузуу максатында аткарылуучу ар кандай операция же операциялардын топтому);
  • жеке маалыматтарды берүүгө (Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына ылайык жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан үчүнчү жактарга берүү).

4.Жеке жана башка маалыматтарды жана башка нерселерди Портал аркылуу жайгаштыруу (берүү) менен (атап айтканда, кайра байланышуу формасында жана Порталда каттоодо), пайдалануучу Оператор жана/же Портал аркылуу кызматтарды жана сервистерди көрсөткөн жактар Пайдалануучунун жеке маалыматтарын алууга, жыйоого, системалаштырууга, топтоого, сактоого, тактоого (жаңылоого, өзгөртүүгө), башка жол менен иштетүүгө (анын ичинде электрондук түрдө), ошондой эле ушул Макулдашууну аткаруу максатында ошол жеке маалыматтарды берүүнү ишке ашырууга макулдук берет.

5.Пайдалануучу анын жеке жана башка маалыматтарын, анын ичинде аларды иштеп чыгуу максатында жана Порталдын сервистеринин иштешин камсыз кылуу, Порталдын Оператору менен түзүлгөн ушул Пайдалануучулук Макулдашууну аткаруу үчүн үчүнчү жактарга берүү мүмкүнчүлүгүнө макул болот.

6.Пайдалануучу төмөнкүлөр менен таанышты жана макулдугун билдирет:

  • жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук ушул Пайдалануучулук Макулдашууну кабыл алган учурдан тартып, кызматтарды жана сервистерди көрсөтүү мөөнөтүнүн ичинде пайдалануучу өз макулдугун кайта кайтарып алганга чейин колдонулат. Ошону менен бирге Пайдалануучунун өзү пайдаланган кызматтар жана сервистер боюнча жеке маалыматтары жана көрсөтүлгөн кызмат жана сервис жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталат;
  • жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде кайра кайтарып алынышы мүмкүн;
  • жеке маалыматтарды иштетүүгө берилген макулдук кайтарылып алынган учурда Пайдалануучунун жеке маалыматтарын толугу менен же жарым-жартылай иштетүү Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык улантылышы мүмкүн.
  • Порталда кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди жайгаштырган Оператор жана башка жактар тарабынан өткөрүлүп жаткан маалыматтарды, иш-чараларды жана башка маалыматтарды Пайдалануучу тарабынан берилген, Пайдалануучу өзү көрсөткөн электрондук почта дарегине жана Пайдалануучу менен коммуникациянын башка каражаттары аркылуу Пайдалануучунун дарегине кат-кабарларды жөнөтүүгө макулдук берет.

Жоопкерчилик

1.Пайдалануучунун аккаунту аркылуу Портал менен пайдалануу же анын алкагында жүргүзүлгөн бардык аракеттер (ошондой эле алардын кесепеттери) үчүн Пайдалануучу өз алдынча жоопкерчилик тартат, анын ичинде бардык шарттарда (келишимдер же макулдашуулар боюнчаларды кошкондо) Пайдалануучунун аккаунтуна кирүү үчүн маалыматтарды үчүнчү жактарга Пайдалануучу өз ыктыяры менен берген учурларды кошкондо дагы. Ошону менен бирге Арыз ээси Пайдалануучунун аккаунтуна санкцияланбаган кирүү жөнүндө жана/же өзүнүн сырсөзүнүн купуялуулугу кандай болбосун бузулгандыгы (бузулгандыгы жөнүндө шектенүүлөр) тууралуу Операторго билдиргенден башка учурларда Пайдалануучунун аккаунту аркылуу Порталдагы жүргүзүлгөн бардык аракеттер Пайдалануучунун өзү тарабынан жасалган болуп эсептелет.

2.Кызмат көрсөтүүлөрдүн/сервистердин сапаты жана Портал аркылуу берилүүчү документтердин мазмуну үчүн жоопкерчиликти кызмат көрсөтүүчү тартат.

3.Оператор Порталда жайгаштырылган электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Порталда каттоо маалыматтарын алуунун жыйынтыгы түрүндө Портал аркылуу алынган жеке маалыматтарды Пайдалануучу тарабынан үчүнчү жактарга берүүсү жана жайылтуусу үчүн жоопкерчилик тартпайт.

4.Порталда иштеп жаткан учурда Пайдалануучу өз алдынча үзгүлтүксүз интернет-байланышты камсыздоосу зарыл. Пайдалануучу тараптан пайда болгон үзгүлтүктөр үчүн Оператор жоопкерчилик тартпайт.

5.Порталда иштөөдө ушул Пайдалануучулук Макулдашуунун 3.5.-пункттун бузуунун натйжасында келип чыккан чыгымдардын бардык түрлөрү үчүн, ошондой эле пайдалануучу тарабынан толук эмес же билип туруп жалган маалымат берилишинен улам келип чыккан окуялар үчүн Оператор жоопкерчилик тартпайт.

6.Пайдалануучу зыяндуу программалык камсыздоону атайын пайдалангандыгы үчүн, аны колдонуу Порталдын ишиндеги үзгүлтүктөргө жана Порталдын маалыматтык системаларынын коопсуздугунун бузулушуна алып келген, анын ичинде үчүнчү жактардын жеке маалыматтарын санкциясыз чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн, ошондой эле Порталды үчүнчү жактардын аккаунту аркылуу пайдалангандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

Макулдашуунун токтотулушу

1.Макулдашуунун күчүн токтотуу Макулдашуу күчүндө болгон мезгилде тараптардын алган укуктарына таасир этпейт.

2.Порталдын Оператору же кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу Макулдашуу боюнча милдеттерди аткаруу мүмкүн эмес болгондуктун натыйжасында, эгерде мындай мүмкүн эместик тараптардын акылга сыярлык контролунан тышкары болгон күтүлбөгөн жагдайлардын, анын ичинде Интернет түйүнүнүн ишиндеги кемчиликтердин, байланыш каражаттардын, өрттөрдүн, согуш аракеттердин, суу ташкындардын же башка табигый кырсыктардын жана башка форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында болгон учурларда, жоопкерчилик тартпайт.

Корутунду жоболор

1.Эгерде ушул Макулдашуунун кайсы болбосун жоболору колдонууга мүмкүн эмес болуп калса, мындай жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.

2.Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Ушул Макулдашууда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3.Ушул Макулдашууну сактоого байланыштуу талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Порталдын Пайдалануучусу жана Оператору аларды сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшашат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чечилбеген талаш-тартыштар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорго ылайык чечилиши керек.

logo

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Башкы бетКолдонуучу келишими

КР БИМге караштуу «Санарип билим берүү борбору» мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан © Бардык укуктар корголгон

logo

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги