Skip to main content

Абитуриентке

Ваучер аркылуу тапшыруунун этаптары

Катышуу үчүн билдирме биринчи кабыл алуу туру башталганга чейин берилет.

Эгерде бош орундар болсо, арыз берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

1-этап — Ваучер алуу

ЖРТ 130 упайдан жогору алган абитуриенттер педагогикалык багыт боюнча ваучер алуу сынагына катышуу үчүн катталып, арыз бере алышат.

Тандоо критерийлери:

  • ЖРТ упайлары
  • Социалдык категориялар:
    • шаар
    • айыл
    • кичи шаар
    • жогорку тоо аймактары

Маанилүү:
Бул этапта ЖОЖ тандап кереги жок.


2-этап — ЖОЖго тапшыруу (негизги турлар)

Ваучер алган абитуриенттер педагогикалык адистиктерге ваучердик каржылоо программасынын алкагында негизги кабыл алуу турларында жалпы сынакка катышат.

ЖОЖ жана адистик тандоо:
— кабыл алуу негизги турларында жүзөгө ашырылат

Факультеттик категориялар эске алынбайт, эсептөөгө алынуучу жалгыз нерсе — ЖРТ упайлары.

Жеңилдик берилүүчүлөр

Жеңилдиктери бар абитуриенттер үчүн мамлекеттик жогорку окуу жайларына өзүнчө квоталар бөлүнөт.

  • I жана II топтогу майыптар
  • бала кезинен майыптар,
  • ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар,
  • жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар
Жеңилдик берилүүчүлөр ваучерге катышпайт

Бул категориядагы абитуриенттер ОРТтун минималдуу упайына жана тастыктама документтерине ээ болсо, биринчи турдо мамлекеттик ЖОЖго ваучерге катышпай эле тапшыра алышат.


Ваучерге арыз кантип тапшыруу керек

1-кадам. Катталуу

  1. https://2020.edu.gov.kg/vuz/register порталындагы "Катталуу формасы" шилтемесине өтүңүз.
  2. Талааларды толтуруңуз, жылдызча ( * ) менен белгиленген бардык талааларды толтуруу милдеттүү.
  3. Электрондук почтаңызды көрсөтүңүз (email) жана "Код алуу" баскычын басыңыз. Сиз көрсөткөн электрондук почта дарегине текшерүү коду келет, аны "Email ырастоо" талаасына терүү керек.
  4. Латын тамгаларынан жана сандардан турган 6 белгиден кем эмес сыр сөздү түзүңүз
  5. "Катталуу" баскычын базыңыз.
  6. Жеке кабинетке кирүү үчүн https://2020.edu.gov.kg/personalcabinet/#enrollee шилтеме боюнча авторизация баракчасына өтүңүз.

вход вход

2-кадам. Жеке кабинетке кириңиз

Катталгандан кийин сертификат номерин жана сырсөздү колдонуп кирүүңүз керек.

 Жеке кабинет

3-кадам. Жогору жактагы менюдан «Ваучер» бөлүмүн тандаңыз

Программа тууралуу маалымат ачылат.

 Жеке кабинет

4-кадам. Арыз тапшырыңыз

  1. «Ваучерге арыз берүү» баскычын басыңыз.
  2. Катышуу шарттарына макулдугуңузду белгилеңиз.
  3. ОК баскычын басып ырастооңузду тапшырыңыз.

 Жеке

 Жеке кабинет

5-кадам. Натыйжаларды күтө туруңуз

Арыз ийгиликтүү тапшырылды. 1-этап аяктаганга чейин күтө туруңуз. Этап аяктагандан кийин система ваучер боюнча жыйынтыктарды көрсөтөт.

Ваучер статустары


2-этап — ЖОЖго тапшыруу

Ваучер алган абитуриенттер педагогикалык адистиктерге ваучер программасынын алкагында негизги кабыл алуу турларында катышат.

1-кадам. Жеке кабинетке кириңиз

Катталууда колдонулган логин жана сырсөз менен кириңиз.

2-кадам. «ЖОЖ тандоо» бөлүмүнө өтүңүз

Бардык талааларды толтуруңуз:

  • Регион: мисалы, Бишкек шаары
  • ЖОЖ: керек болгон окуу жайды тандаңыз (мисалы, Таштанбек Эрматов атындагы БМПИ)
  • Институт / Факультет: Педагогика
  • Багыт: [550700] Бала бакча билим берүү
  • Окуу формасы: Толук күндүзгү бакалавр
  • Адистик: [550700] Бала бакча билим берүү (Толук күндүзгү бакалавр)
  • Окуу түрү: Бюджет

Текшерүү:

  • Ваучер план: ооба
  • Ваучер статусу: Ваучер программасынын катышуучусу
  • Тур номери: 1
  • Орундардын саны: мисалы, 50

ЖОЖ тандоо

3-кадам. Талонду каттаңыз

  1. «Талонду каттоо» баскычын басыңыз.
  2. Катышуу шарттарына макулдугуңузду белгилеңиз.
  3. ОК баскычын басып тастыктаңыз.

4-кадам. Ирээттелген тизмени караңыз

Өз ордуңузду жана башка катышуучулардын абалын көрүү үчүн Ирээттелген тизмени кара» баскычын басыңыз.

5-кадам. ЖОЖдун сунуш статусун көзөмөлдөңүз

Талонду каттагандан кийин жеке кабинеттеги абалды дайыма байкап туруңуз. Сунуш алынган учурда окууга макулдугуңузду тастыктаңыз же кийинки турларга катыша аласыз.

6-кадам. Окууга макулдугуңузду тастыктаңыз

ЖОЖдун сунушун алгандан кийин жеке кабинеттен окууга катышуу ниетиңизди ырастооңуз зарыл.

7-кадам. Кийинки тур башталганга чейин кабыл алынуу статусун көзөмөлдөңүз

Макулдукту бергенден кийин кабыл алуу статусун дайыма байкап туруңуз. Тастыкталганда окууга чакыруу аласыз.

Статус сүрөтү


Эскертүү

Бул этапта жалгыз ЖРТ упайлары эске алынып, социалдык категориялар сынакка таасир этпейт.


Наркы

Ваучердин өлчөмү: жылына 42 350 сом


Эгерде сиз мамлекеттик ЖОЖго тапшырсаңыз:

Окуу акысы толугу менен мамлекет тарабынан төлөнөт.
Мамлекет жыл сайын ваучер аркылуу 42 350 сом бөлөт, бул сумма окуу акысын толук жабат.

  • Студент эч кандай кошумча акча төлөбөйт.
  • Бул эрежелер мамлекеттик менчиктеги ЖОЖдорго гана тиешелүү.

Мисал:

  • ЖОЖ: К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (мамлекеттик)
  • Окуу акысы: 50 000 сом
  • Ваучер: 42 350 сом
  • Студент эч нерсе төлөбөйт.

Эгерде сиз жеке менчик ЖОЖго тапшырсаңыз:

  • Ваучер жылына 42 350 сом өлчөмүндө жардам көрсөтөт.
  • Эгерде окуу акысы жогорураак болсо, айырмасын студент өзү төлөйт.

Мисал:

  • ЖОЖ: Борбор Азиядагы Эл аралык университет (жеке менчик)
  • Окуу акысы: 60 000 сом
  • Ваучер: 42 350 сом
  • Айырма (60 000 – 42 350 = 17 650 сом) студент тарабынан төлөнөт.

Жыйынтык таблица

ЖОЖ түрүВаучер төлөгөн суммаСтуденттин төлөмү
Мамлекеттик42 350 сом0 сом
Жеке менчик42 350 сомКалганын студент төлөйт

Маанилүү

Ваучер бир гана жолу жана бир гана билим берүү программасы үчүн берилет.
Эгер багыттан баш тартса же себепсиз окуудан чыгарылса, студент ваучердин суммасын кайтарууга милдеттүү.

Расмий документ (№288 токтом)