Ваучер
Ваучердик каржылоо механизми жөнүндө маалымат
республикалык бюджетте каралган бюджеттик каражаттар менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын артынан жүрүүчү мамлекеттик каржылоо методу
Бөлүмдөр | Өтүү |
---|---|
Абитуриенттерге | Нускамага өтүү |
ЖОЖ кызматкерлерине | Нускамага өтүү |
Максаты
Бул механизмди киргизүүнүн негизги максаты – билим берүү мекемелеринин арасында атаандаштыкты түзүү жана студенттерге билим алуу гранттарын берүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга түрткү берүү.
Мамлекет талапкерге ваучер берет, ал өз алдынча билим берүүнүн сапатына жана шарттарына жараша билим берүү уюмун тандоого укуктуу. Пилоттук апробация 2026-жылдын 1-сентябрына чейин улантылат, анын жыйынтыгында бул механизмдин билим берүүнүн сапатына тийгизген таасири бааланат.
2025–2026-окуу жылында пилоттук апробация жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары үчүн педагогикалык багыттар боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын (ваучерлерди) берүү аркылуу ишке ашырылат.
Процесс
Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн ваучер алуу процесси эки этап менен жүргүзүлөт:
- Педагогикалык адистикке ваучер алуу үчүн талапкерлерден арыздарды кабыл алуу. Биринчи этапта сынак Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыктарынын негизинде, талапкерлердин категорияларына жараша өз-өзүнчө өткөрүлөт. Бул процесс, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибине тиркелген, талапкерлердин категориялары жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын пайыздык бөлүштүрүлүшү тууралуу» инструкцияга ылайык жүргүзүлөт.
- Ваучер ээси билим берүү уюмун жана адистикти/багытты тандайт. Бул этапта сынак талапкерлердин категорияларына карабастан өткөрүлөт.
Жеңилдик берилүүчүлөр
Жеңилдиктери бар абитуриенттер үчүн (I жана II топтогу майыптар, бала кезинен майыптар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар) мамлекеттик жогорку окуу жайларына өзүнчө квоталар бөлүнөт. Бул категориядагы абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) босого баллына жеткенде жана тастыктоочу документтери болгон учурда, ваучердик сынакка катышпастан, биринчи турдун алкагында тандалган мамлекеттик жогорку окуу жайына арыз бере алышат.
Баасы
Ваучердин өлчөмү жылына 42 350 сомду түзөт. Эгерде жогорку окуу жайындагы окуу акысы ваучердин наркынан жогору болсо, анда айырманы студент өзү төлөйт Обладатель ваучера сможет выбрать как государственное, так и негосударственное учебное заведение. В случае поступления в частную организацию студент самостоятельно оплачивает разницу между стоимостью обучения и размером ваучера.
Ваучер алган тараптын милдеттери
Грант алуучу (ваучердин ээси) билим берүү уюмуна менчигинин түрүнө карабастан төмөнкү учурларда ваучердин наркынын өлчөмүндөгү чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү:
- эгерде окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартылса;
- жүйөсүз себептер боюнча же өз каалоосу боюнча билим берүү уюмунан чыгарылса.