Skip to main content

АСУЛА системасында Эксперттик комиссиянын мүчөсү катары иштөө боюнча колдонмо

1. Даярдык: Электрондук кол тамга алуу

Ишти баштардан мурун

АСУЛА системасында иштөө үчүн Юридикалык жактын Электрондук кол тамгасын (ЭКТ) алуу милдеттүү. Аны “Инфоком” МИ берет.

Толук маалымат бул шилтемеде:
https://infocom.kg/ru/pki/entity/


2. АСУЛА системасына кирүү

1-кадам — Сайтты ачыңыз

asula.edu.gov.kg дарегине өтүңүз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


2-кадам — Авторизация ыкмасын тандаңыз

  • Көк жебе белгисин басыңыз.
  • «ЕСИ аркылуу кирүү» тандаңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү

эскертүү

Мындан кийин ЕСИ кирүү барагы ачылат.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


3-кадам — ЕСИ маалыматтарды киргизүү

  • Жеке идентификациялык номериңизди (ПИН — 14 символ) киргизиңиз.
  • «Далее» басыңыз.
  • ЕСИ сырсөздү киргизип, дагы бир жолу «Далее» басыңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Андан соң ЭКТ түрүн тандаган терезе чыгат:

1 - Жөнөкөй электрондук кол тамга (физикалык жак үчүн)
2 - Юридикалык жактын электрондук кол тамгасы

АСУЛА менен иштөө үчүн 2-түрүн тандаңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Андан кийин сиз катталууда колдонгон почтаңызга бир жолу колдонулуучу ПИН код келет. Аны тиешелүү терезеге киргизиңиз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


ПИН код киргизилген соң “Эксперттин жеке кабинети” ачылат. “Эксперттин жеке кабинети” баскычын басыңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Жеке кабинетте “Аккредитация” бөлүмүн тандаңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Тышкы баалоо жүргүзүү үчүн сиз эксперт болууга макулдугуңузду билдиришиңиз керек. Бул үчүн арызды ачып, терезенин аягына өтүңүз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Эми:

  • Эгерде сиздин абалыңыз белгиленген 3 учурдун бирине туура келсе, “Эксперт болуудан баш тартуу” баскычын басып, комментарий калтырыңыз.
  • Эгерде туура келбесе — “Эксперт болууга макулмун” баскычын тандаңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Макулдук берген соң чечимди тастыктап, “Ооба” же “Жок” басыңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Макулдугуңуздан кийин Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкери тарабынан “Тышкы баалоо жүргүзүү жөнүндө буйрук” чыгат.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Буйрук чыккан соң “Жеке кабинетте” “Тышкы баалоо жүргүзүү” баскычы чыгат. Аны басыңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Бул бөлүмдө өзүн-өзү баалоонун критерийлери чыгат. Ар бир критерий боюнча Заявителдин жоопторун баалаңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү

эскертүү

Ар бир баага түшүндүрмө комментарий кошуу талап кылынат.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Баалоо аяктагандан кийин терезенин аягында “Чечимди жарыялоо” баскычын басыңыз. “ОЭП менен кол коюу” терезеси ачылат.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Андан соң почтаңызга ПИН-код келет.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Аталган кодду тиешелүү жерге киргизиңиз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


“Кол коюу” терезеси ачылат — “Чечимди жарыялоо” баскычын басыңыз.

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Маанилүү

Чечим жарыяланар алдында Эксперт 60 секунддун ичинде макулдугун тастыкташы керек (таймерге ылайык).

Сүрөттүн сүрөттөлүшү


Көңүл буруңуз

Чечим жарыялангандан кийин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт.

Төрага үчүн

Эксперттик топтун Төрагасы ар бир эксперттин баасына комментарий жазышы керек, ал үчүн “Комментарий жазуу” баскычын басыңыз.